Эрдоган менен Путин акыркы кырдаал боюнча пикир алмашышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1193096
Эрдоган менен Путин акыркы кырдаал боюнча пикир алмашышты

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттиктин Байланыш башчылыгынан жарыялангандай, телефондогу сүйлөшүүдө эки лидер эки тараптуу маселелер менен катар Ливияда болуп жаткан акыркы кырдаалды талкуулаганы, Түркиянын бул өлкөнүн тынчтык жана ырааттуулугун колдой турганы кайрадан тастыкталганы белгиленди.

Президент Эрдоган жана Путиндин Сирия кризисинин чечилиши үчүн Астана процессинин алкагында жакын кызматташуусунун улантылышы жагдайында макулдашкандары белгиленди.

 


Этикеткалар: #Эрдоган , #Путин

Тектеш кабарлар