Венесуэлада маселелердин диалог жолу менен чечилишин жактайбыз

Венесуэлада абал.

1192975
Венесуэлада маселелердин диалог жолу менен чечилишин жактайбыз

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Венесуэлада маселелердин диалог жолу менен чечилишин жактап "Демократиялык эмес ыкмалар менен  мыйзамдуу өкмөттөрдү кулатуу аракеттерине каршыбыз. Венесуэла калкын ар дайым колдойбуз"-деди.

Министр Чавушоглу, социалдык медиа барагы Твиттер аркылуу бөлүшүүсүндө, Венесуэлада конституциялык тартипке каршы айрым төңкөрүш аракети болгону жөнүндөгү кабарларды угуп санааркап жаткандарын билдирди.

Чавушоглу бөлүшүүсүндө: "Демократиялык эмес ыкмалар менен мыйзамдуу өкмөттөрдү кулатуу аракеттерине каршыбыз. Өткөндөгү маселелердин диалог жолу менен чечилишин жактайбыз. Венесуэла калкын ар дайым колдойбуз",деген серебин салды.

Өлкөдө 23- январда өзүн мамлекет башчы деп жарыялаган Хуан Гуайдо, Твиттер аркылуу жарыялаган 3 мүнөттүк видео менен элге жана аскерге көчөгө чыгуу чакырыгын салды.

Коргонуу министри Владимир Падрино Лопез болсо төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтө тургандарын белгилеп, "Биз куралдуу күчтөр катары конституциялык тартипти коргоого ант бердик. Мыкаачылык төңкөрүш аракетине каршы даяр турабыз. Аскердик бөлүктөрдө күтүлбөгөн абал болгон жок, ар ким командирлеринин буйругун күтүп турат",-деп жарыялады.

 

 


Этикеткалар: #Венесуэла

Тектеш кабарлар