В. Зеленский шайлоодон кийин Түркияда эс алуусун баштады

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский шайлоодон кийин эс алуу үчүн Мугланын Бодрум районуна келди.

1190655
В. Зеленский шайлоодон кийин Түркияда эс алуусун баштады

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский шайлоодон кийин эс алуу үчүн Мугланын Бодрум районуна келди.

Президенттик шайлоодо жеңиш менен чыккан Зеленский Гүвержинлик мааласында беш жылдыздуу мейманканага жайгашып эс алуусун баштады.

Зеленский калган мейманкананын тышында саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен турган бир топ менен бир коргоо унаасынын күтүп тургандыгы көрүндү. Зеленский социалдык медиа эсебинен берген маалыматта : «Так болуу туурауу келиштик. Мына ушундай. Түркияга учуп жатабыз. Балдарды жылдык көңүл ачуу фестивалына алып баратам»,- деген.

Акыркы төрт айдан бери биринчи жолу жуманын акырында эс аларын белгилеген Зеленский Украинага эки күндөн кийин кайтарын билдирген.

Украинада болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасында куудул Владимир Зеленский добуштардын 73, 22 пайызын алып шайлоонун жеңүүчүсү болгон атаандашы жана учурдагы президент Петр Порошенко 24, 45 пайыздык добуш алган.



Тектеш кабарлар