Чавушоглу: «Түрк улутунун жана Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы-Азиз Санжар»

Нью-Йорк, Вашингтон жана Майамидеги жолугушууларынан кийин тышкы иштер министри Чавушоглу, Түндүк Каролинага барды.

1178491
Чавушоглу: «Түрк улутунун жана Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы-Азиз Санжар»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШдагы жолугушууларынын алкагында барган Түндүк Каролинада Нобель сыйлыгынын ээси, илимпоз Азиз Санжар менен жолукту.

Нью-Йорк, Вашингтон жана Майамидеги жолугушууларынан кийин тышкы иштер министри Чавушоглу, Түндүк Каролинага барды.

Бул жерде дүйнөгө таанымал атактуу Нобель сыйлыктуу илимпоз Азиз Санжар жана жубайы Гревн Санжар менен жолуккан Чавушоглу, Санжар менен илимий иштери жана университеттеги иштери туурасында баарлашты.

Түндүк Каролина университетинде Санжар кызмат кылган лабораторияда иликтөөлөрдү жасаган Чавушоглу, университеттеги студенттер менен маек курду жана бир эле аймакта Санжар фондуна тиешелүү кыска мөөнөт мурда ачылган Түрк үйү тууралуу маалымат алды.

Студенттер менен жолуккан Чавушоглу: «Бул жерге келүү максатыбыз Түрк улутунун жана Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы болгон Азиз Санжар менен учурашуу эле. Бул сыймыкты бүгүн жашадык. Азиз агай келген жерин унутпаган жана келген жериндеги баалуулуктарды эч качан унутпаган абдан баалуу улугубуз»,-деп айтты.

Ийгиликтеринен улам Санжарды дагы бир жолу куттуктаган Чавушоглу, Санжардын бир топ Түрк жана башка улуттардан студенттерге илхам булагы болгонуна басым жасады.



Тектеш кабарлар