Дүйнөдө түрк симитин билбеген жок

Лондондо Oxford Streetте 5 симит саткан дүкөн бар.

1173392
Дүйнөдө түрк симитин билбеген жок

Симит сарайынын башкаруу кеңешинин төрагасы Кавукчу дүйнөдө түрк симити менен ничке бел стаканын билбеген кишинин жок экендигин айтты.

Симит сарайынын башкаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Кавукчу өткөн жылы эсеп  - кысап кемчилигинин 65 пайызын өлкө тышынан толукташкандарын, бул жылы бул катнашты 75 пайызга чыгарууну максат кылышкандарын белгиледи.

Симиттин тегерегинде  бир дүйнө курушкандарын жана «Симит сарайы» деп аташкандарын айткан Кавукчу : «Түркияда симитчибиз дүйнөдө 'bakery' (нан бышыруучу) чынжырыбыз.Бүгүн дүйнөдөгү bakery чынжырларынын арасында биринчи бештин ичинде Симит сарайын көрсөңүздөр болот. Көптөгөн дүкөнү болгон Британиянын борбор шаары Лондондо адамдарды кезекке тургуза алган болсок бул чоң бир ийгилик»,- деди.

Кавукчу : «Дүйнөдө түрк симитин билбеген жок. Түрк чайын, ничке белдүү стаканды  баары билет. Ал түгүл ничке белдүү стакандарды дүкөндөрүбүздө сатып жатабыз, көп талап бар. Түркияда тамак  - ашта бир дүйнө маркасы чыгып жатат. Азыркы учурда 25 өлкөдөбүз. Бул жылы 28 өлкөгө жетебиз. Дүкөндөрүбүзгө  күнүнө 1 миллиондон ашуун кардар кирип чыгат. Лондондо Oxford Streetте  дүйнө маркаларынан 2 дүкөнү болгондор абдан аз. Биздин Oxford Streetте 5 дүкөнүбүз бар. Бул биз үчүн сыймыктандыруучу нерсе»,- деди.



Тектеш кабарлар