Мадуро : "Балким бир күн мусулман боломун"

Чавушоглу Анталияда Алааддин Кейкубат университетинин Амфи театрында өткөрүлгөн «Жаштык маектешүүлөр» аттуу программасы үчүн барды.

1168635
Мадуро : "Балким бир күн мусулман боломун"

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Венесуэланын президенти Николас Мадуронун өзүнө «Дирилиш Эртугрул» сериалы тууралуу : «Бул сериал чыныгы исламиетти үйрөтүүдө, балким бир күн бул сериалдын саясында мусулман болом»,- дегендигин билдирди.

Мевлют Чавушоглу Анталияда Алааддин Кейкубат университетинин амфи театрында өткөрүлгөн «Жаштык маектешүүлөр» аттуу программасы үчүн Анталияга барды. Чавушоглун бул жерде ТРТнин рекордго жеткен сериалы «Дирилиш Эртугрул» сериалындагы кийимдерди кийип, ат үстүндө келген бир группа  тосуп алды.

«Дирилиш Эртугрул» сериалынын актерлорунан Энгин Алтан Дүзятан, Нуреттин Сөнмез жана Желал Ал, режиссер Метин Гүнай, сценарист Мехмет Боздаг да катышкан маектешүү программасында сөз сүйлөгөн Чавушоглу «Дирилиш Эртугрул» сериалынын бир бөлүгүнүн Аланияда тартылгандыгын, бул бөлүмдөрдүн эки жумадан кийин көрсөтүлөрүн айтты.

Министр Чавушоглу сентябрь айында Венесуэлага барганда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин «Дирилиш Эртугрул» сериалындагы көрүнүштөрдү Мадурого көрсөткөндүгүн белгилеп : «Мадуро кыйкырып ордунан турду. Сериалдагы аттарды бир бирден атагандан кийин тынчтанды жана андан кийин : «Бул сериал чыныгы иламиетти үйрөтөт жана балким бир күн бул сериалдын саясында мусулман боломун»,- деди. Муну укканда сыймыктанып жана бактылуу болдук»,- деди.

Актер Энгин Алтан Дүзятан да : «Мындай долбоорлор оңой эмес. Баары бир дене сыяктуу кыймыл кылышы керек. Бардык параметрлер туура чогулду жана менин да ролго ишенип колумдан келгенди аткаруум калган»,- деди.



Тектеш кабарлар