Сергей Лавровдун Түркия сапары кечеңдетилди

Тышкы иштер министрлери Орусия  - Түркия стратегиялык пландоо группасынын жыйынына жетекчилик кылмак.

1161214
Сергей Лавровдун Түркия сапары кечеңдетилди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 12 -  март үчүн пландалган Түркия сапары кечеңдетилди.

Спутник маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Лавровдун 12 -  марттагы Түркия сапарынын тышкы иштер министринин иш алып баруу программасынын өзгөрүшү менен 18 -  мартка кечеңдетилгендиги белгиленди. Күндүн алмаштырылышы тууралуу Анкара менен келишип чечим чыгарылгандыгы да билдирилди.

Тышкы иштер министринин кесиптеши Мевлют Чавушоглу менен жолугушуу үчүн 12 – 13 -  мартта Анталияга келиши күтүлүп жаткан.

Тышкы иштер министрлери Орусия  - Түркия стратегиялык пландоо группасынын жыйынына жетекчилик кылмак.



Тектеш кабарлар