Эрдоган Аялдарды 8-Март майрамы менен куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.

1158994
Эрдоган Аялдарды 8-Март майрамы менен куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 8-Март Аялдардын Эл аралык майрамы боюнча куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.

Аялга карай зомбулук жана кысымдын бүткүл дүйнөлүк айымдардын маселеси болгонуна көңүл бурган Эрдоган: «Аялдардын гендердик теңсиздиктин себебинен зомбулукка учурашына ар дайым каршы чыгабыз, укук издөөлөрүндө болсо ар дайым колдойбуз»,-деди.

Президент Эрдоган, бардык тармактарда аялдардын статусун укук жана адилеттиктин негизинде жогорулатыш үчүн иштерди аткарганын эске салып, 2023-жыл максаттарына баратканда аялдарды бардык тармакта дагы илгериге жеткирүү боюнча чечкиндүү болгондорун белгиледи.

Билдирүүсүндө, «Туш болгон адилетсиздиктер,бөлүүчүлүктөргө каршы айымдарды колдоо адам болгон ар кимдин милдети»,-деп айткан Президент: «Эмгектери, сүйүү толгон жүрөктөрү жана өздөрүн садага чабуулары менен дүйнөбүздү жакшырткан, дагы жашаса болгудай кылган, адамзаттын үмүтүн жашарткан айымдарыбыздын, Дүйнөлүк аялдар күнүн куттуктайм»,-деди.


Этикеткалар: #Эрдоган , #8-Март

Тектеш кабарлар