Түркия Сомалиге жардам берди

Лагерде жашагандарга кийим таратылды.

1158019
Түркия Сомалиге жардам берди

Түркия Сомалинин баш калаасы Могадишудагы Денили лагеринде жашаган 5 миң үй-бүлөгө кийим жардамын берди.

Түрк Кызылайы тарабынан берилген жардамдарды таратуу ишине Түркиянын Могадишудагы элчиси Мехмет Йылмаз, Сомалинин апаат жана гуманитардык жардамдар боюнча министринин орун басары Абдуррешид Махмуд жана Кызылайдын жооптуу кызматкерлери катышты.

Элчи Йылмаз Кызылайдын 2011-жылдан бери Сомалиде муктаждыгы барларга жардам көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

Сомалилик министрдин орун басары Махмуд да Кызылайдын жардам иштеринен мактоо менен сөз кылды жана жаңы кийимдердин өзгөчө лагердеги балдарды кубандыра турганын айтты.

Коопсуздуктун себебинен үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон сомалилик баш калкалоочулар, борбор шаар Могадишунун Денили кыштагындагы лагерде оор шарттарда жашап жатышат.



Тектеш кабарлар