Акар менен Жеффри жолукту
Жолугушууда маанилүү темалар каралды.
![Акар менен Жеффри жолукту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9260/efdb/6f98/5c7f666b83e63.jpg?time=1718791091)
Улуттук коргоо министри Хулиси Акар баш калаа Анкарага келген АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффрини кабыл алды.
Акар менен Жеффри жолугушууда, Манбиж аймагы жана Ефрат дарыясынын чыгышы менен катар Сириядагы акыркы кырдаалды талкулашты.
Жолугушууда министр Акар тарабынан, Түркиянын АКШ менен даярдалган Манбиж жол картасынын ылдам түрдө бүтүрүлүшүнө карата күтүүсү, Сириянын жеринин бүтүндүгүнө болгон сезимталдык, Ефрат дарыясынын чыгышында курула турган коопсуз аймакта ПКК/ЙПГ террордук уюмдун болбошу жана коопсуздуктун Түркия тарабынан камсыздалышынын керектүү экени баса белгиленди.
Улуттук коргоо министрлигинин жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө: «Түркиянын чек араларынын жана адамдарыбыздын коопсуздугу биз үчүн маанилүү экени, Түркиянын күрөшүүсүнүн ДЕАШтык жана ПКК/ЙПГлик террористтер менен болгону, күрт-араб туугандарыбыз жана берки этникалык-диний топтор менен эч кандай маселебиз жок экени, эки өлкөнүн чогуу иштешип маселелерди чече алаары жөнүндөгү ойлорубуз айтылды»,-делди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718791092)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.