Түркия Египетке көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.
Түркия Египеттин баш калаасы Каирдин Рамсес аймагындагы поезд станциясында кечээ болгон кырсык жана андан кийин чыккан өрттөн каза тапкандар үчүн Египет элине көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Каирдин борборундагы Рамсес поезд станциясында кечээ жүргүнчү поездинин станциянын платформасын кагып алуусунан чыккан өрттөн көп сандаган кишинин каза табышы жана жаракат алышы катуу капага салганы баса белгиленди.
Билдирүүдө: «Кырсыктан каза тапкандардын жаткан жерлеринин жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилеп, Египет элине көңүл айтабыз» деген сөздөргө орун берилди.
Египеттин саламаттык сактоо министри Хале Зайид окуя болгон жердеги иликтөөлөрүнөн кийинки билдирүүсүндө, 20 кишинин көз жумганын, 43 кишинин жаракат алганын айткан.
Египеттин транспорт министри Хишам Арафат болсо кызматынан кеткен болчу.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/888d/9070/c1aa/666d4c619aedd.jpg?time=1718504111)
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
![Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b784/abba/cbc3/666d48ce9841e.jpg?time=1718504111)
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.