Түркия өлүм жазаларына каршы аракетке өтүүдө

Түркия Египеттеги өлүм жазаларын эл аралык платформага алып барат.

1153654
Түркия өлүм жазаларына каршы аракетке өтүүдө

Түркия Египеттеги өлүм жазаларын эл аралык платформага алып барат.

Түркия Улуттук Парламентинин Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттер Биримдигинин түрк группасы ИСИПАБдын төрагасы жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Ардахан депутаты Орхан Аталай : «ИСИПАБдын жылдык кезектеги конгрессинде Египеттеги өлүм жазалары, ислам өлкөлөрүндө жана өзгөчө монархиялык режимдердеги адам укуктарынын бузулушунан сөз кылабыз»,- деди.

Аталай Египетте акыркы болуп 9 жаш жигиттин «коркунучтуу түрдө өлүм жазасына тартылышынын» мындан кийин башка талаш  - тартыштарды, башка платформаларага алып барарын белгиледи.

Египеттеги бул кылмыштарга үнсүз калбоо керектигин баса белгилеген Аталай бул кылмыштарга каршылык көрсөтүлбөсө Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери жана монархиялык режимдерге каршы коркунуч катары көрүлгөн Ихван  -  ы Мүслимин  (Мусулман боордоштор) күчтүү болгон бардык өлкөлөрдө ушуга окшогон өлүм жазаларынын болорун айтты. ИСИПАБдын жылдык кезектеги конгресси Мароккодо март айында өткөрүлөт.

Түркиянын үмүтү жана дуасынын бул өлүм жазаларынын акырына чыгышы экендигин баса белгилеген Аталай бирок козголоң механизми күн тартибинде болгон жана АКШ, Европа, Булуң өлкөлөрү менен Сауд Арабия Сиси режиминин жанында болгон сайын Египетте мындан кийин да мындай өлүм жазаларынын боло берерин белгиледи.



Тектеш кабарлар