Түркия Европага каршылык көрсөттү
Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүн жарыялады.
![Түркия Европага каршылык көрсөттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c6f4/4129/1b36/5c4d4ad494a58.jpg?time=1718790989)
Түркия Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө жикчил террордук уюм ПККнын терроризм пропагандасы мүнөзүндөгү кыймылдарына уруксат берилишин айыптады.
Тышкы иштер министрлиги, ПККнын жактоочуларынын Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө террордук уюмдун корбашчысынын фотосүрөтүн да колдонуп уюштурган митингдери тууралуу өз билдирүүсүн жарыялады.
Европалыктарга буга чейин керектүү эскертүүлөрдүн айтылгандыгы жана митингдердин күч колдонуу потенциалына көңүл бурулганы белгиленген билдирүүдө: «Акыркы жолу ПККнын жактоочуларынын Франциянын Страсбург шаарында Европа Кеңешинин Агора имаратынын алдында 2019-жылдын 25-февралында өткөрүшкөн күч колдонулган митинг, ПККнын чыныгы жүзүн дагы бир жолу көрсөттү»,-делди.
Терроризм пропагандасы мүнөзүндөгү ушул сыяктуу кыймылдарга уруксат берилишинин айыпталганы баса белгиленген билдирүүдө: «Европада айрым чөйрөлөрдүн жана басма сөзүнүн ПКК кыймылдарын дагы деле жалган күрт активисттеринин өткөргөн митингдери катары эсептеши болсо өкүнүчтүү. Бул абал кош стандарттардын жеткен жерин ачык түрдө ортого коюуда»,-деген сөздөргө орун берилди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718790990)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.