Калың менен Болтон телефондо сүйлөштү

Сүйлөшүүдө кайсы темалар каралды?

1135493
Калың менен Болтон телефондо сүйлөштү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Джон Р. Болтон телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Сүйлөшүүдө президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трапмтын ортосунда өткөн жумада өткөрүлгөн телефон сүйлөшүүсүндө макулдашылган темалардын мазмуну каралды.

Басымдуу түрдө Сириядагы кырдаал каралган сүйлөшүүдө, Сириядан чыгып кетүү процессиндеги координациянын уланганы, коопсуз аймактын түзүлүүсү темасында жакын кызматташтык болоору жана Манбиж жол картасынын ишке ашырылышынын маанилүү экендиги боюнча макулдашылды.

Аймактык маселелер менен катар Түркия-АКШ эки тараптуу карым-катнаштар да күн тартибине киргизилген сүйлөшүүдө, эки өлкөнүн терроризмге каршы күрөшүүдө таасирдүү кызматташтык түзүүсүнүн мааниси баса белгиленди.

Сүйлөшүүдө АКШнын президенти Трамптын Түркияга жасашы күтүлгөн мамлекеттик сапардын пландаштырылышы да күн тартибине киргизилди.



Тектеш кабарлар