Гүлер менен Данфорд жолукту
Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штабында ишке ашкан Гүлер-Данфорд жолугушуусу...
1127182
![Гүлер менен Данфорд жолукту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8e66/b2e1/07d1/5c3f34205db5f.jpg?time=1718746526)
Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер, АКШнын башкы штаб төрагасы, армия генералы Жосеф Данфорд менен жолукту.
Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штабында ишке ашкан Гүлер-Данфорд жолугушуусу бир саатка созулду.
Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс, ишемби күнкү маалыматында Гүлер жана Данфорд жолугуп Сириядагы кызматташтыкты карап чыга тургандарын жарыялаган.
Эки башкы штаб башчысы 8-январда Данфорддун Түркияга жасаган сапарынын алкагында Анкарада жолуккан.