Айдын облусунуда качкындар түшкөн кайыкты суу басты

40 качкын куткарылып, бир кыз баланын сөөгү табылды.

1125716
Айдын облусунуда качкындар түшкөн кайыкты суу басты

Айдын облусунун Кушадасы районунда кайыктарын суу баскан 46 качкын куткарылып, 1 баланын сөөгү табылды.

Жээк коопсуздук командирлигинин топтору Кушадасында 5 милге жакын аралыкта иретсиз качкындар түшкөн кайыкты суу баскандыгы тууралуу кабар боюнча аракетке өттү.

Алгачкы маалыматтарга караганда суу баскан кайыктагы 46 качкын куткарылды. 4 жаштагы бир кыз баланын сөөгү табылды. Араларында балдар да болгон куткарылган качкындар Кушадасы мамлекеттик ооруканга алып барылды. Аймакта Жээк коопсуздук командирлигинин топтору издөө иштерин улантууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар