Түркия АШдан стратегиялык өнөктөштүк милдеттерин орундатуусун күтүүдө

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Твиттер барагынан Трамптын каршы чыгууну тарткан сөздөрүнө жооп кайтарды.

1125016
Түркия АШдан стратегиялык өнөктөштүк милдеттерин орундатуусун күтүүдө

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркияга карай сөздөрүнө катуу каршылык көрсөттү.

Ибрахим Калын: «Урматтуу Дональд Трамп, террористтер өнөктөшүңүз жана шериктешиңиз боло албайт. Түркия АШдан стратегиялык өнөктөштүк милдеттерин орундатуусун жана буга террор пропагандасы менен көлөкө түшүрүлбөөсүн күтүүдө»,-деп билдирди.

Твиттер барагынан Трамптын каршы чыгууну тарткан сөздөрүнө жооп берген Калын: «Урматтуу Дональд Трамп, күрттөрдү АКШнын террор тизмесиндеги ПКК жана анын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ менен бирдей көрүү өлүмгө тете жаңылыштык болуп эсептелет. Түркия террористтер менен күрөшүүдө күрттөр менен эмес. Күрттөрдү жана берки сириялыктарды террор коркунучунан коргоодобуз»,-деп айтты.

Президенттиктин басма сөз катчысы  Калын: «Урматтуу Дональд Трамп, террористтер өнөқктөшүңүз жана шериктешиңиз боло албайт. Түркия АШдан стратегиялык өнөктөштүк милдеттерин орундатуусун жана буга террор пропагандасы менен көлөкө түшүрүлбөөсүн күтүүдө»,деген серебин салды.

Трамп ошондой эле социалдык медиа барагы Твиттердеги жарыясында, АКШнын Сириядан чыга баштаганын жана ДЕАШ менен күрөшүүнүн улана турганын айткан.

АКШнын президенти Трамптын бөлүшүүсүндө айрыкча, Түркияны ЙПГ/ПККны бутага алган учурунда экономика менен коркуткан жана аймакта (Түркия-Сирия чек арасында) 20 миллдик коопсуз аймак кура тургандарын билдирген.



Тектеш кабарлар