Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы күчү 68 пайызга жетти

Эрдоган, Сакариянын Карасу районунда өткөрүлгөн «ВМС келечек 50 жыл жолугушуусунда» сүйлөгөн сөзүндө, «Түркия чөктү, өндүрүш токтоду» деген айтымдарга карабастан инвестициялардын да өндүрүштүн да уланганын белгиледи.

1124757
Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы күчү 68 пайызга жетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы күчүнүн 68 пайызга жеткенин айтты.

Эрдоган, Сакариянын Карасу районунда өткөрүлгөн «ВМС келечек 50 жыл жолугушуусунда» сүйлөгөн сөзүндө, «Түркия чөктү, өндүрүш токтоду» деген айтымдарга карабастан инвестициялардын да өндүрүштүн да уланганын белгиледи.

Президент, Түркиянын типтик бутунда туруп жолун уланта турганына басым жасады.

Түркиянын аскердик күчү, экономикалык, саясий жана дипломатиялык жөндөмдүүлүктөрү менен күчтүү болууга тийиш экенине көңүл бурган Эрдоган: «Өзгөчө коргонуу өнөр жайы жаатында кыр көрсөтүүбүз сөзсүз абдан жогору болууга тийиш»,-деди.

Түркиянын коргонуу өнөр жайы күчүнүн дагы да арта турганын айткан Эрдоган: «Жолго чыкканыбызда (2002-жылы) коргонуу өнөр жайындагы күчүбүз 20 пайыз болчу, эми 68 пайызга жетти. Жетеби, жетпейт. Дагы жогорулайбыз»,-деди.

Коргонуу өнөр жайында тышка көз карандылык катышынын төмөндөгөнүнө басым жасаган Эрдоган, 2002-жылы 80 пайызга жеткен тышка көз карандылык катышынын 35 пайыз деңгээлине түшкөнүн айтты.

Катардын ар түрдүү кыйынчылыкта Түркияны колдоого алганын белгилеген Эрдоган: «Катардык туугандарыбыздын өлкөбүзгө көрсөткөн колдошуусун эч качан унуткан жокпуз, унутпайбыз. Мындан кийин да коргонуу өнөр жайынан соодага, туризмден энергетикага чейин Түркия-Катар кызматташтыгы күчтөнүүсүн уланатат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар