Түркия диянет фонду Сирияга 316 фура жардам жеткирди

Фонд 866 жардам фураны да өлкөдөгү жарандык калкка жеткирди.

1123934
Түркия диянет фонду  Сирияга 316 фура жардам жеткирди

Түркия диянет фонду Сирияда жарандык согуштан жабыркаган элге өткөн жылы 316 фура жардам таркатты.

Түркия диянет фонду Сирияда террордон тазаланган «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары жүргүзүлгөн аймактар менен Идлибдеги элге жеткирген жардамдар тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта бул аймактарда жардам иштерин жүргүзүү үчүн беш офистин ачылгандыгы, Түркиядан алып барылган 316 фура менен бул офистер аркылуу жардам материалдарынын таркатылгандыгы билдирилди.

Түрк дианет фонду аймакта өткөн жылы күнүмдүк 120 миң нан таркатып, Халептин Азез районунда мажбурлоо менен жашаган жеринен чыгарылган жарандар баш калкалаган лагерлерде күн сайын 15 миң кишиге ысык тамак берди.

Фонд иш алып барууларда зыян тарткан 160 мечиттин оңдоо иштерин аткарып жылдын ичинде кайрадан ыбадатка ачып, 268 мечитти оңдоо, калыбына келтирүү ишин аяктады.  

Фонд 866 жардам фураны да өлкөдөгү жарандык калкка жеткирди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар