Түркия 2019 -  жылга кирди

Стамбулда Таксим аянтында жана Истиклал проспектисинде жолугушкан көп сандаган жаран жана турист жаңы жылдын келишин белгилешти.

1117069
Түркия 2019 -  жылга кирди

 

Стамбулда Таксим аянтында жана Истиклал проспектисинде жолугушкан көп сандаган жаран жана турист жаңы жылдын келишин белгилешти.

Жаңы жылга секундалар калганда артка карай санаган калың эл бири бирин кучактап жаңы жылды тосуп алышты.

Кадыкөй, Истиклал проспектиси, Таксим аянты жана тегерегинде катуу коопсуздук чараларын көргөн полиция шектенген кишилерди токтотуп, күбөлүктөрүн текшерди.

Борбор шаар Анкарада болсо эл  2019 -  жылга Кызылай аянтында киришти. Кечки сааттардан баштап 15 -  Июль Кызылай Улуттук Эрк аятында  борбор шаардыктар аба ырайынын суук болгондугуна карабастан чогулушту.

Измир да жаңы жылга Жумхурийет аянтында кирди. Измир мэрдиги уюштурган иш чарада жарандар Dj Manoнун берген концерти менен көңүл ачышты.

Түркиянын негизги туризм борборлорунан Антальянын Алания районунда жарандар жана туристтер жаңы жылды Алания чебинде жана башка көңүл ачуу борборлорунда тосуп алышты.

Жаңы жылдын алгачкы минуталарында деңиз панары менен кээ бир мейманкана жана көңүл ачуу жерлеринде фейерверктер кооз көрүнүштөрдү жаратты.



Тектеш кабарлар