Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун телефон аркылуу сүйлөшүүсү
Сүйлөшүүдө террордук уюмдардын Сирия жерлеринен тазаланышы тууралуу бирдей эрктин ортого коюлгандыгы белгиленди.
1116623
![Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун телефон аркылуу сүйлөшүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9753/1d0d/35cf/58f4607fe7000.jpg?time=1718749784)
АКШнын Сириядан чыгуу чечиминен кийин дипломатия жолу ылдамдады.
Орусиянын борбор шаары Москвада ишемби күнү Орусиянын коргоо министрлигинде түрк жана орус делегациялары өткөргөн Сирия тууралуу жолугушуудан кийин орус кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшкөн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу дипломатия жолун улантууда.
Тышкы иштер министри Чавушоглу оболу Сауд Арабиянын мурунку тышкы иштер министри Адил Ел Жубейр андан кийин АКШлык кесиптеши Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө террордук уюмдардын Сирия жерлеринен тазаланышы тууралуу бирдей эрктин ортого коюлгандыгы белгиленди.