Трамптын улуттук коопсуздук кеңешчиси Түркияда жолугушууларды өткөрөт

АКШнын президенти Дональд Трамптын Улуттук коопсуздук кеңешчиси  Жон Болтон 8 -  январда Түркияда жолугушууларды өткөрөт.

1116781
Трамптын улуттук коопсуздук кеңешчиси  Түркияда жолугушууларды өткөрөт

 АКШнын президенти Дональд Трамптын Улуттук коопсуздук кеңешчиси  Жон Болтон 8 -  январда Түркияда жолугушууларды өткөрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамптын 19 -  декабрда Америка күчтөрүнүн Сириядан чыгарын билдиргенден кийин Түркия жана АКШнын ортосунда аймактагы коопсуздуктун координациясына байланыштуу тыгыз дипломатия башталды. Ушунун негизинде АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук кеңешчиси  Болтондун Израиль сапарынан кийин 7 -  январда борбор шаар Анкарада болушу күтүлүүдө. 8 -  январда Анкарада жолугушууларды өткөрө турган Болтондун ошол эле күнү Түркиядан кетиши күтүлүүдө. Болтон АКШнын Сириядан чыгуу чечиминен кийинки сапары тууралуу социалдык бөлүшүү желеси твиттер эсебинен берген маалыматта : «ДЕАШ менен күрөшүүнүн кийинки кадамынын жана аймактагы союздаштар менен өнөктөштөрү беттешкен коопсуздук маселелерди сүйлөшөбүз»,- деген.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын АКШнын Сириядан чыгуу чечимине байланыштуу 24 -  декабрда берген баа берүүсүндө Президент Р. Т. Эрдоган жана АКШнын президенти Трамптын маселенин координациянын абдан ылдам түрдө баштатылышы багытында макулдашкандарын белгилеген.

Анкарадагы жолугушууларда АКШнын аймактан чыгуу планынын аскердик координациясы түзүлүп аянтта боштук болбошу үчүн көрүлө турган бардык аскердик жана чалгындоо чараларынын каралышы күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдө түрк тарабынын Түркиянын улуттук коопсуздугун коркуткан башта жикчил террордук уюмдар ДЕАШ жана ЙПГ/ПККга каршы жүргүзүлгөн күрөш менен Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн жана унитардык түзүлүшүнүн сакталышынын маанисин баса белгилей тургандыгы болжолдолууда.



Тектеш кабарлар