Тышкы иштер министри Стамбулда Сабахаттин Заим университетиндеги конференцияга катышты
Мевлют Чавушоглу АКШнын Сириядан чыгуу чечиминде да негизги актердун Түркия экендигин билдирди.
![Тышкы иштер министри Стамбулда Сабахаттин Заим университетиндеги конференцияга катышты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0dc8/1daa/2880/5c25c4421c47b.jpg?time=1718801949)
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын БУУнун чатыры астында Сирияда саясий чечүүчү жол үчүн негизги актерлордон экендигин айтты.
Стамбулда Сабахаттин Заим университетинин Саясат клубу өткөргөн конференцияда сөз сүйлөгөн Чавушоглу Түркиянын бардык абалдарды жакындан иликтегендигине токтолуп, көп тараптуу жана активдүү тышкы саясатты ийгиликтүү аткарууга аракет кылгандыгын белгиледи.
Түрк тышкы саясатынын алдыңкылыктарынын бирөөсүнүн да кризисти башкаруу экендигин баса белгилеген тышкы иштер министри Сирияда өзгөчө Халеп кризисинен бери Түркия аткарган ролдун саясында ок атышпоо белгилүү бир деңгээлде аткарылып, Сириянын саясий чечүүчү жолго карай барышында негизги актердун дагы Түркия болгондугун белгиледи.
Мевлют Чавушоглу АКШнын Сириядан чыгуу чечиминде да негизги актердун Түркия экендигин билдирди.
Түркия үчүн өзгөчө улуттук жана ыйык доолордун бар экендигин баса белгилеген Чавушоглу Кудс, Палестина тууралуу аракет кылган бир гана өлкөнүн Түркия экендигин айтты.
Бүгүн адамзаттык тышкы саясатта Түркиянын дүйнөдө биринчи орунда тургандыгын белгилеген Чавушоглу : «Дүйнөнүн эң бай өлкөсү эмеспиз бирок бардык кризистерге, маселелерге карабастан берешен өлкөбүз»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718801950)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.