Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын чечимин ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айтты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу : «Башка бир террордук уюмду колдонуу менен ДЕАШ менен күрөшпөө үчүн АКШны эскерткен болчубуз»,- деди.

1111390
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын чечимин ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айтты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын аскерлерин Сириядан чыгаруу чечимин ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айтты. Мальтада сөз сүйлөгөн Мевлют Чавушоглу чыгуу учурунда координациянын маанилүү экендигин жана Сирияда боштуктун болушуна уруксат берилбеши керектигин белгиледи. Сириянын бүтүндүгүн жактагандыгын баса белгилеген Чавушоглу : «Террордук уюм ДЕАШ менен узун убакыттан бери күрөшүп келе жатабыз, эми жеңилүүгө учурагандыгын ойлоп жатабыз. АКШнын артка чегиниши үчүн координация керек»,- деди.

«Башка бир террордук уюмду колдонуу менен ДЕАШ менен күрөшпөө үчүн АКШны эскерткен болчубуз»,- деген Чавушоглу ЙПГ/ПКК террордук уюм сыяктуу элементтерге Сирияда кандайдыр бир кыймыл аянтынын берилбеши керектигин айтты.  Мындан кийин Сирияда саясий процесске көңүл бурулушу керектигин баса белгилеген Чавушоглу : «Сирия үчүн конституция комиссиясынын 2019 -  жылдын башында ишке аша турган жыйын саясий чечүүчү жол үчүн маанилүү болот»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар