Эрдоган менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Орчундуу сүйлөшүүдө Сирия кризиси каралды.

1107298
Эрдоган менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Орчундуу сүйлөшүүдө Сирия кризиси каралды.

Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда президент Эрдоган менен АКШнын президенти Трамптын ортосунда бүгүн кечинде телефондогу сүйлөшүү ишке ашты.

Телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелер менен катар коопсуздук жана террор менен күрөшүү темаларынан баштап Сириядагы акыркы абалдар талкууланды.

Президент Эрдоган, Түркиянын жикчил террор уюму ПКК/ПЙД/ЙПГден келип чыккан коркунучтарга каршы мыйзамдуу коопсуздук санааркоолорун Трампка түшүндүрүп берди.

Эки лидер, Сирия багытында дагы таасирдүү координация камсыздалышы темасында макулдашууга жетишти.

Эрдоган мурдагы күнкү билдирүүсүндө Евфрат дарыясынын чыгыш жагына операция жүргүзүүнүн белгисин берген болчу.

Түркия аймактагы террордук топтордун жок болбой жатышынан жана АКШ башкаруучулугунан колдоо көрүүлөрүнөн тынчсызданып жатат.



Тектеш кабарлар