Түркия менен Азербайжан айыл - чарба кызматташуусун өнүктүрөт

Түркия жана Азербайжандын ортосунда «Айыл  - чарбаны камсыздандыруу  тармагында кызматташтык токтомуна» кол коюлду.

1104117
Түркия менен Азербайжан айыл  - чарба кызматташуусун өнүктүрөт

Түркия жана Азербайжандын ортосунда «Айыл  - чарбаны камсыздандыруу  тармагында кызматташтык токтомуна» кол коюлду.  

Айыл  - чарба жана токой чарбасы министри Бекир Пакдемирли жолугушууларды өткөрүү үчүн барган борбор шаар Бакуда Азербайжандын айыл  - чарба министри Имам Керимов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы айыл  - чарба тармагында кызматташуунун азыркы абалы сөз болду, карым  - катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшү тууралуу пикир алышууларда болушту.

Жолугушуудан кийин Пакдемирли жана Керимов «Айыл  - чарбаны камсыздоо тармагында кызматташуу протоколуна» кол коюшту. Басма сөз кызматкерлерине маалымат берген Пакдемирли Азербайжан жана Түркиянын ортосундагы кызматташууну арттырууну максат кылгандыгын белгиледи. Пакдемирли Түркиянын айыл  - чарба сектору үчүн Европада биринчи, дүйнөдө болсо жетинчи өлкө болгондугун эске салы.

Азербайжандын айыл  - чарба министри Керимов да бардык тармакта болгондой айыл  - чарба тармагында да Азербайжан менен Түркиянын ортосунда үлгүлүү кызматташуунун бар экендигин айтты. Керимов Түркия менен айыл  - чарба тууралуу билим берүү, айыл  - чарбаны камсыздоо жана мал  - чарбачылык тармактарында кызматташуу багыттарынын белгиленгендигин айтты.



Тектеш кабарлар