Түркия жана АКШнын делегациялары Сирия тууралуу жыйын өткөрүүдө

Үстөлдө эки өлкөнүн тең аскердик адистери орун алышты.

1102405
Түркия жана АКШнын делегациялары Сирия тууралуу жыйын өткөрүүдө

Түркия жана АКШ делегацияларынын Сирия тема болгон биргелешкен иш алып баруу жыйынынын үчүнчүсү борбор шаар Анкарада өтүп жатат.

Жыйналышка Түркиянын атынан тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал жана АКШнын атынан Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффри жетекчилик кылууда.

Үстөлдө эки өлкөнүн тең аскердик адистери орун алышты.

Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД/ЙПГнын басып алуусу астындагы Манбиж темасы жыйналыштын башкы күн тартип беренси болот.

Сүйлөшүүлөрдө ПКК/ПЙД/ЙПГнын аймактагы түзүмүнөн тынчсыздануулар дагы бир жолу АКШ тарабына билдирилиши жана бул уюмдун аймактан толугу менен чыгып кетиши керектигине басым жасалат.

Жыйналышта күн тартипке келиши күтүлгөн темалардын арасында АКШнын Евфрат дарыясынын чыгышында курууну пландап жаткан байкоочу пункттары да бар.

Жеймс Жеффри Анкарадагы жолугушууларынан кийин Иорданияга барат.



Тектеш кабарлар