Эрдоган сапарын аяктап Анкарага келди

Эрдоган, сапардан кайтканда Эсенбога аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

1100442
Эрдоган сапарын аяктап Анкарага келди

Президент  Режеп Таййип Эрдоган, Латын Америка сапарын аяктап өлкөгө кайтты.

Эрдоган, Аргентинадагы Чоң жыйырмалыктын саммитинен кийин ишке ашырган Парагвай жана Венесуэла сапарларын бүтүрүп, борбор калаа Анкарага келди.

Эрдоган, сапардан кайтканда Эсенбога аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган, Латын Америка жана Кариб аймагындагы өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу карым-катыштарды өнүктүрүүнү уланта тургандарын айтты.

Чоң жыйырмалыктын саммитинде ишке ашырган эки тараптуу жолугушууларга токтолгон Эрдоган, Жемал Кашыкчы маселесинин бир канча жолу күн тартипке чыгарылганын билдирди.

Эрдоган саммитте айрыкча Түркиянын террор менен күрөшүүгө маани бергенин кайталаганын айтты.

Парагвай сапарында бул өлкөнүн маанилүү дос болгонун көргөндөрүнө басым асаган Эрдоган, Парагвайдын Түркияда элчилигин ача турганын белгилеп кетти.

Сапарымдын экинчи бөлүмүндө Венесуэлада жолугушууларды өткөрдүм деген Эрдоган: «Мадуро менен эки тараптуу карым-катнаштарды карап чыктык. Венесуэла менен кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 9 документке кол коюлуусуна күбө болдук. Венесуэлалык аскерлердин жана балдардын Боштондук гимнибизди ырдашы өтө маанилүү. Балдардан бирөө биздин желекти түшүрүп алганда президент Мадуронун желекти жерден алып балага бериши унутулгус урмат-сый болуп эсептелет. Жолугушууларыбыздын оң таасирлерин алдыбыздагы мезгилде дагы так түрдө көрөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар