Тышкы иштер министри индонезиялык кесиптешине көңүл айтты

Мевлют Чавушоглу борбор шаар Анкарада каза болгон индонезиялык дипломат Себастионус Сайога Кадарысман үчүн көңүл айтты.

1099710
Тышкы иштер министри индонезиялык кесиптешине көңүл айтты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди менен телефон аркылуу сүйлөшүп кечээ борбор шаар Анкарада каза болгон индонезиялык дипломат Себастионус Сайога Кадарысман үчүн көңүл айтты.

Дипломатиялык булактардан берилген маалыматка караганда министр Чавушоглу индонезиялык кесиптеши менен сүйлөшүүсүндө көңүл айтты.

Индонезиянын Анкарадагы элчилигинде элчинин орун басары кызматын аткарган Кадарысман кечээ Стамбулдан Анкара Эсенбога аэропортуна келгенде ооруп, саламаттык сактоо кызматкерлеринин жардамы менен Кечиөрен билим жана изилдөө ооруканасына жаткырылып бирок бардык жардамдарга карабастан куткарыла албады.



Тектеш кабарлар