Террор менен күрөш улантылууда

Акыркы бир жумада жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларында экөөсү жогорку мартабалуу болгон 14 террорист жок кылынды.

1099402
Террор менен күрөш улантылууда

Акыркы бир жумада жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларында экөөсү жогорку мартабалуу болгон 14 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта 26 -  ноябрь жана 3 -  декабрь күндөрүнүн арасында 2 миң 836 операциянын жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Операциялардын негизинде ПКК жикчил террордук уюм менен байланышы бар деген 598, Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ менен байланышы болгон 538, террордук уюм ДЕАШ менен байланышы болгон 17  жана солчул террордук уюмдар менен байланышы бар экендиги белгиленген 10 киши камоого алынды.

Террордук уюм пропагандасын жайылткан жана жек көрүү сөздөрү менен 305 социалдык медиа эсеби тууралуу жүргүзүлгөн иштерде аныкталган 201 киши тууралуу мыйзамдуу чаралар ишке ашырылды.

Өзгөчө 6 миң 866 качкын кармалды. Анын ичинен 256сы деңизде кармалган.



Тектеш кабарлар