Эрдоган жана Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Телефондогу сүйлөшүүдө күн тартиптеги эки тараптуу темалар менен катар Кара деңизде Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан чыңалуу каралды.

1096959
Эрдоган жана Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Телефондогу сүйлөшүүдө күн тартиптеги эки тараптуу темалар менен катар Кара деңизде Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан чыңалуу каралды.

Эрдоган, Трамп менен Орусия жана Украинанын мамлекет башчылары Владимир Путин жана Петро Порошенко менен бир күндүн ичинде болгон телефондогу сүйлөшүүсү туурасында пикир алмашты.

Түркия-АКШ кызматташтыгын өнүктүрүү чечкиндүүлүгүн тастыктаган Эрдоган жана Трамп, бул аптада Аргентинада боло турган Чоң жыйырмалыктын (G20) лидерлер саммитинде бетме-бет сүйлөшүү темасында да макулдашышты.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Трамп

Тектеш кабарлар