Орусия менен Украинаны тирешкен эмес, жанаша тынчтыкта жашаганын көргүбүз келет

Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйынында (ТУУЖ) өткөрүлгөн фракциялык жыйналышында күн тартип тууралуу баа берүүсүн жасады.

1095950
Орусия менен Украинаны тирешкен эмес, жанаша тынчтыкта жашаганын көргүбүз келет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусия менен Украинанын тирешкенин эмес, жанаша тынчтыкта жашаганын көрсө кубанычта боло тургандарын айтты.

Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйынында (ТУУЖ) өткөрүлгөн фракциялык жыйналышында күн тартип тууралуу баа берүүсүн жасады.

Сөзүндө Орусия жана Украинанын ортосундагы чыңалууга токтолгон Эрдоган, бул абалга капа болгондорун белгилеп, «Эки өлкө менен тең түзгөн карым-катнаштарыбызды келечекке алып баруу үмүтүбүз бар. Кара деңиздин тез арада тынчтык деңизине айланышын тилейбиз. Орусия менен Украинаны маселелерин диалог жолу менен чечүүгө чакырыгыбызды кайталайбыз»,-деди.

Түркия катары Орусия жана Укриананы жанаша тынчтыкта көрүү кубандыра турганын айткан Эрдоган: «Бул эки өлкөнүн адамдарынын кайрадан тарыхый өтмүштөрүнө кайтууларында пайда көрүүдөбүз»,-деди.

25-декабрда Азов деңизинде Орусиянын согуштук кемелери менен Украинанын кемелери бетме-бет келгени белгиленип, Орусиянын жээк сууларына киргени айтымы менен Орусияга таандык согуштук кемелерден Украинанын согуштук кемелерине ок атылды.

Украинанын деңиз күчтөрү командирлиги Азов деңизиндеги Керч кысыгына жакын жерде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына таандык чек ара коопсуздугу катеринен Украинанын согуштук кемесине ок атылганын жана 6 кишинин жаракат алганын жарыялап, Украинанын кемелеринин Орусиянын атайын күчтөрү тарабынан каратып алынганынын маалыматын берди.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Орусия , #Украина

Тектеш кабарлар