Чавушоглу АКШ билип туруп ПКК/ЙПГ террордук уюму менен кызматташып жатканын маалымдады

Чавушоглу, Германиянын «Süddeutsche Zeitung» гезитине берген маегинде АКШнын террордук уюм ЙПГ менен кызматташуусуна токтолду.

1095787
Чавушоглу АКШ билип туруп ПКК/ЙПГ террордук уюму менен кызматташып жатканын маалымдады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, америкалыктардын жикчил террор уюму ПККнын бир бөлүгү экенин моюнга алгандарына карабастан ЙПГ менен Сирияда кызматташтык кылгандарын айтты.

Чавушоглу, Германиянын «Süddeutsche Zeitung» гезитине берген маегинде АКШнын террордук уюм ЙПГ менен кызматташуусуна токтолду.

«Сирияда америкалыктар, ПККнын бир бөлүгү экенин кабыл алгандарына карабастан ЙПГ менен кызматташтык кылып жатышат»,деген Чавушоглу: «Европа дагы муну билет. Булар кош стандарт болуп саналат. ЙПГнын көзөмөлүндөгү аймактардан бирдей идеологияга ээ болбогон 400 миң күрт четтетилди. Булардын көбү Түркияда жана артка кайтышкан жок»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу, Европанын адам укуктары сотунун террор менен карым-катнаштарынын себебинен камакта жаткан бир саясий партиянын мурдагы жетекчиси Селахаттин Демирташ тууралуу чыгарган чечими эске салынганы боюнча, «Европанын адам укуктары соту Демирташ туурасында мындан мурда башкача чечим чыгарган. Бул саясий чечим. Европанын адам укуктары сотунун чечимин ишке ашырбаган бир топ ЕБне мүчө өлкө бар. Мисал үчүн Грециядагы түрк азчылыгынын Европанын адам укуктары сотунун чечимине карабастан коомдоруна түрк ысымын кое албоосу. Афина муну 10 жылдан бери ишке ашырган жери жок. Бирөө чыгып Грецияга кысым көрсөтүп жатабы?» деген серебин салды.

Бул жерде негизги теманын саясаттын тескерисинче укук жана мыйзам болгонуна басым жасаган Чавушоглу, Демирташтын жикчил террор уюму ПККны колдогонун жашырбаганын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу, чечүүчү жол процесси тууралуу болсо, мунун жыйынтык катары ишке жарабаганын жана келечекте дагы ишке жарачудай көрүнбөгөнүн айтты.

Чавушоглу процесс бузулганына көңүл буруп: «Процесс террористтер тарабынан бузулду. Алар бир гана тоолордогу эмес, шаарлардагы өкүлчүлүктөрүн арттыргысы келди. Курал таштоодон качышты жана көп сандаган бейкүнөө адамды өлтүрүштү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар