Террор менен күрөш

Акыркы бир жумада жүргүзүлгөн ички коопсуздук  операцияларында 18 террорист жок кылынды.

1095097
Террор менен күрөш

Акыркы бир жумада жүргүзүлгөн ички коопсуздук  операцияларында 18 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта 19 – 26 -  ноябрь күндөрүнүн арасында 2 миң 680 операциянын жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Операцияларда ПКК жикчил террордук уюм менен байланышы болгон 212, Фетуллахчы террордук уюм менен байланышы болгон 585,  ДЕАШ террордук уюм менен байланышы болгон 31 жана солчул террордук уюмдар менен байланышы бар экендиги белгиленген 38 киши камоого алынды.

Террордук уюмдун пропагандасын жүргүзгөн жана жек көрүү сөздөрдү камтыган 355 социалдык медиа эсеби тууралуу да иш алып барылып 286 киши тууралуу мыйзамдуу укуктук  иш чаралар аткарылды. Ошол эле учурда 4 миң 482 качкын кармалды. Алардын ичинен 332си деңиздерде кармалган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар