Азов деңизиндеги чыңалууга карата Түркиянын билдирүүсү...

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарыяланган билдирүүдө (Орусия жана Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосундагы) Азов деңизи жана Керч кысыгында болуп жаткан абалдар жана күчөгөн чыңалуу байкалып жатканына басым жасалды.

1095200
Азов деңизиндеги чыңалууга карата Түркиянын билдирүүсү...

Түркия, (Азов деңизинде) Украинага таандык кемелерге ок атылганы жана жаралуулар бар экени жөнүндөгү маалыматтарды санааркоо менен укканын жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарыяланган билдирүүдө (Орусия жана Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосундагы) Азов деңизи жана Керч кысыгында болуп жаткан абалдар жана күчөгөн чыңалуу байкалып жатканына басым жасалды.

«Украинага таандык кемелерге (Орусиянын деңиз күчтөрү тарабынан) ок атылганы жана жаралуулар болгону жөнүндөгү маалыматтарды санааркоо менен байкап жатабыз»,делген жарыяда: «Карадеңизге жээктеш өлкө катары Керч кысыгынан өтүүлөргө тоскоол болбоо керектигине басым жасоодобуз. Аймактык тынчтык жана ырааттулукту коркунучка сала турган кадамдардан алыс туруу, эл аралык укук урматталышы, айрыкча аң-сезимдүү жана токтоолук менен кыймыл кылынып чыңалууну күчөтпөө чакырыгын жасап жатабыз»,делди.

Украинанын деңиз күчтөрү командирлиги Азов деңизиндеги Керч кысыгына жакын жерде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (FSB) таандык чек ара коопсуздугу катеринен Украинанын согуштук кемесине ок атылганын жарыялады. Кемелердин Орусиянын атайын күчтөрү тарабынан каратып алынганынын маалыматы жарыяланды.



Тектеш кабарлар