Тышкы иштер министринин АКШдагы жолугушуулары

Мевлют Чавушоглу Түркиянын АКШдан тапшырылышын талап кылган 84 ФЕТӨ мүчөсүнүн тизмесин Помпео жана Болтонго тапшыргандыгын айтты.

1092026
Тышкы иштер министринин АКШдагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын АКШдан тапшырылуусун талап кылган Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөсү болгон 84 кишинин аты жазылган тизмени АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтонго тапшыргандыгын айтты.

АКШга барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин резиденциясында түрк журналисттери менен жолугушту.

Мевлют Чавушоглу АКШ тарабы менен өзгөчө ФЕТӨ, АКШнын ЙПГ/ПКК террордук уюмга берген колдоосу, 2 -  октбрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон саудиялык журналист Жемал Кашыкчы кылмышы жана Сирия темалары тууралуу сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Мевлют Чавушоглу Түркиянын АКШдан тапшырылышын талап кылган 84 ФЕТӨ мүчөсүнүн тизмесин Помпео жана Болтонго тапшыргандыгын айтты.

Кашыкчы кылмышы тууралуу Түркиянын позициясынын так экендигин белгилеген Чавушоглу окуянын такталышы тууралуу катуу тургандыгын кайталады. Чавушоглу : «Бир топ өлкө Сауд Арабия менен карым  - катнаштарын бузууну каалабайт, биз да каалабайбыз. Бирок кылмыш такталышы керек»,- деди.

Сирия тууралу да токтолгон министр Чавушоглу Манбиж жол картасынын башка аймактарда да колдонулушу үчүн түрк жана Америка топторунун алдыбыздагы күндөрдө жолугушарын билдирди.

Манбижде АКШ менен орток күзөттөрдүн башталганыдыгын жана процесстин ылдамдагандыгын айткан Чавушоглу : «ЙПГ толугу менен Манбижден чыкпастан башкаруу жана коопсуздук бөлүктөрү тууралуу орток чечим чыгарылбастан бул процесс аяктады деп айта албайбыз»,- деди.

Вашингтондогу жолугушууларынын негизинде оболу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен андан кийин Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен жолугушкандыгын белгилеген Чавушоглу : «Майк Помпео менен өткөргөн жолугушуубузда албетте карым – катнаштарыбызды кантип дагы алдыга жылдыра алабыз, кантип калыбына келтире алабыз, күтүүлөрүбүз эмне буларды сүйлөштүк. Булардын экөөсү ФЕТӨ жана АКШнын Сирияда ЙПГ менен кызматташуусу. Бул тууралуу тынчсызданууларыбыз менен бирге эмнелердин аткарылышы керектигин сүйлөштүк»,- деди.

Жолугушууларында АКШнын Иранга салган санкцияларын да карап чыгышкандарын айткан тышкы иштер министри : «Түркияга берилген өзгөчөлүктөр маанилүү бирок мунун туруктуу болушу жана  кенен болушу маанилүү»,- деди.



Тектеш кабарлар