Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Антонио Гутерреш менен жолугушту
Жолугушууда Жемал Кашыкчынын өлтүрүлгөндүгү тууралуу сүйлөшүү болду.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын өлтүрүлгөндүгү тууралуу сүйлөштү.
Нью – Йоркто БУУнун борбордук мекемесинде өткөрүлгөн Цивилизациялар Биримдигинин сегизинчи глобалдык форумуна катышкан Чавушоглу Гутерреш менен жолугушту. Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.
БУУнун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дуяррик күнүмдүк басма сөз брифингинде жолугушуу тууралуу : «Чавушоглу менен Гутерреш Йемен, Сирия, Кипр жана Жемал Кашыкчы кылмышын сүйлөштү. Эл аралык тергөөгө байланыштуу расмий бир талап албадык»,- деди.
Стефан Дуяррик эл аралык тергөө үчүн башкы катчыга жоопкерчиликтин керек экендигин сөздөрүнө кошту.
Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы 2 -октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда киши колдуу болгон.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.