Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушат

Мевлют Чавушоглу АКШнын Нью- Йорк шаарындагы жолугушууларынан кийин борбор шаар Вашингтонго барат.

1091491
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бүгүн кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушат.

Мевлют Чавушоглу АКШнын Нью- Йорк шаарындагы жолугушууларынан кийин борбор шаар Вашингтонго барат.

Эки министрдин 2 -октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда иштелген Жемал Кашыкчы кылмышы, Сириянын Манбиж аймагынын ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюмунан тазаланышы, Фетуллахчы террордук уюмдун корбашысынын тапшырылышын карап чыгышары күтүлүүдө.

Жолугушууда башка аймактык жана эл аралык маселелер да каралат. Чавушоглу Нью – Йорктогу жолугушууларында БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен жолугушуп Кашыкчы кылмышы менен бирге Йемен, Сирия, Кипрдеги абалдарды сүйлөштү.



Тектеш кабарлар