Коргоо министри Хулуси Акар менен Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Орусияда
Түркия менен Орусия 17 - сентябрда «Идлиб коопсуздук аймагынын демилитаризацияланышы» макулдашуусуна кол коюшкан болчу.
![Коргоо министри Хулуси Акар менен Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Орусияда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a449/6679/9337/5bf3ea25de12a.jpg?time=1718802300)
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Хакан Фидан Орусияга барды. Акар менен Фидан борбор шаар Москвада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана башка жетекчилер менен жолугушту. Акар менен Шойгу жолугушуусунда аймактык темалар менен бирге Сочиде кол коюлган макулдашуудан кийин Сириянын Идлиб коопсуз аймагындагы акыркы абалды карап чыгышты.
Түркия менен Орусия 17 - сентябрда «Идлиб коопсуздук аймагынын демилитаризацияланышы» макулдашуусуна кол коюшкан болчу.
Сириялык оппозициячылдар макулдашуу боюнча оор куралдардын «Идлиб коопсуз аймагынан» чыгарган болчу.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718802301)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.