Президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин Түрк Агым долбоорунун аземинде

Түрк Агым 2019 - жылы жасал турган тесттерден кийин ишке кирет.

1091026
Президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин Түрк Агым долбоорунун аземинде

Президент Р. Т. Эрдоган Орусия жаратылыш газын Кара деңиз жана Түркия аркылуу Европага ташый турган Түрк Агым долбоорунун бир гана Түркия үчүн эмес коңшу өлкөлөр менен аймак үчүн да көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштагандыгын айтты.

Түрк Агым долбоорунун деңиздеги бөлүгүнүн бүткөрүлүшү менен президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин катышуусу менен Стамбул Конгресс Борборунда азем өткөрүлдү.

Президент Р. Т. Эрдоган аземде сүйлөгөн сөзүндө Түрк Агым долбоорунун акыркы баскычына келингендигин белгилеп : «Түрк Агым бир гана өлкөбүз үчүн эмес коңшуларыбыз, аймагыбыз үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктү берип жатат»,- деди.

Эрдоган Түрк Агым долбоорунун 2019 -  жылы жасала турган тесттерден кийин ишке кирерин айтты.

Түркия үчүн Орусиянын узун мөөнөттүү кызматташуу түзө ала турган ишенимдүү дос жана негизги жаратылыш газ өткөрүүчү экендигине көңүлдөрдү бурган Эрдоган : «Орусия менен кызматташуубуз кенен түрдө алдыга жылып баратат. Максатыбыз Орусия менен 100 миллиард долларлык  экспорт көлөмүнө жетүү. Түркия Орусиядан 1987 -  жылдан бери 387 миллиард метр куб жаратылыш газ алды. Бул энергетика тармагындагы карым  - катнаштарыбыздын бардык сынактардан өткөндүгүнүн күбөсү. Биз Орусия менен эки тараптуу карым  - катнаштарыбыздын негизин эч качан башка өлкөлөрдүн талаптарына карата белгилеген жокпуз. Урматтуу Путин жана орус калкы менен тилектештигибиздин өлкөлөрүбүз үчүн дагы чоң долбоорлордун, сүйүнчүнүн кабарчысы болоруна ишенем»,- деди.

Орусиянын президенти В. Путин аземде сүйлөгөн сөзүндө : «Орусия менен Түркия катары энергетика тармактарында кызматташтыкты көптөгөн жылдар ийгиликтүү түрдө аткарып келе жатабыз»,- деди.

Түрк Агым долбоорунун маанисине токтолгон Путин : «Түрк Агым Түркияны маанилүү бир жаратылыш газ борбору кылат жана Түркиянын абалына да оң салым кошот»,- деди.

Эки өлкөнүн арасында ишеним болбостон бул долбоордун турмушка ашырылышынын мүмкүн эмес экендигин белгилеген Путин Эрдоганга «саясий эрк жана тайманбастык» үчүн рахмат айтты.

Сөздөрдүн артынан Түрк Агым долбоорунун деңиздеги бөлүмүнө төшөлө турган акыркы түтүк президент Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин жолдомосу менен Кара деңизге түшүрүлдү.

 



Тектеш кабарлар