Орусиянын президенти В. Путин 19 - ноябрда Стамбулга келет
В. Путин Түрк Агымы жаратылыш газ түтүк жолунун деңизден өткөн бөлүгүнүн бүткөрүлүшүнө байланыштуу аземге катышат.
1086172
![Орусиянын президенти В. Путин 19 - ноябрда Стамбулга келет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7fd2/40ea/1fb3/5be9460e35147.jpg?time=1718967722)
Орусиянын президенти В. Путин 19 - ноябрда Стамбулга келет. Маалыматты Орусиянын президенти В. Путиндин орун басары Юрий Ушаков билдирди.
«Известия» гезитине маалымат берген Ушаков Путиндин Түрк Агымы жаратылыш газ түтүк жолу долбоорунун деңизден өткөн бөлүгүнүн бүткөрүлүшүнө байланыштуу өткөрүлө турган аземге катышарын белгиледи.
Түрк Агымы жаратылыш газ түтүк жолу орус жаратылыш газын Кара деңиз жана Түркия аркылуу Европага өткөрүлүшү пландалууда.
Курулушу 2015 - жылы башталган жолдун 2019 - жылы бүткөрүлүшү максат кылынууда.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718967723)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.