Түркия терроризм менен күрөштө Иракка карата колдоосун улантат

Багдаттын түрдүү аймактарында кечээ болгон жарылууларда 8 киши каза болуп, 16 киши жараланды.

1082214
Түркия терроризм менен күрөштө Иракка карата колдоосун улантат

Түркия кечээ Иракта болгон террордук кол салууну айыптап, Багдат башкаруусуна терроризм менен күрөшүүдө колдоосун улантарын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Багдаттын ар кайсы райондорунда болгон жана көп сандаган кишинин каза болушуна,  жараланышына себеп болгон террордук кол салууну катуу айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Маалыматта : «Кол салууларда каза болгон ирактык бир туугандарыбыздын жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Түркия терроризмдин бардык түрү менен күрөшүүдө Иракка колдоосун улантат»,- деп белгиленди.

Багдаттын түрдүү аймактарында кечээ болгон жарылууларда 8 киши каза болуп, 16 киши жараланды.


 



Тектеш кабарлар