Түркия АКШнын санкция тизмесинен чыкты
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркиянын Иран санкцияларынан чыгарылган өлкөлөрдүн арасында экендигин айтты.
![Түркия АКШнын санкция тизмесинен чыкты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1f2b/c4fd/d52f/5bc58582cc1c8.jpg?time=1718960473)
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркиянын Иран санкцияларынан чыгарылган өлкөлөрдүн арасында экендигин айтты.
Майк Помпео менен казына министри Стивен Мнучин Иранга карата санкциялар тууралуу маалымат берди.
АКШнын нефть экспорту тууралуу санкциядан чыгарылган өлкөлөр Кытай, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Греция, Япония жана Тайвань болду.
Помпео Иран менен атом тууралуу жаңы бир келишим түзүүнү ойлошкондорун да белгиледи.
Помпео өзгөчө Ирандын Жакынкы Чыгышта ырааттуулукту бузган өлкө экендигин айтты.
АКШ 50 Иран банкы жана 700дөн ашуун ирандыкты жана Иран аба жолдору жана 65 учакты да санкция тизмесине алган.
АКШнын казына министри Мнучин да : «Ирандык жетекчилер террор менен болгон колдоосун токтотушу керек»,- деди. Санкциялар Ирандын эл аралык экономикалык активдүүлүгүн ылдам түрдө азайтууну максат кылууда.
АКШ нефть экспорту тууралуу 8 өлкөгө 6 айлык мөөнөт менен санкциядан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул өлкөлөр бул убакыттын ичинде Иран менен нефть соодасын эң төмөн деңгээлге түшүрүүгө аракет кылат.
Алты айдан кийин абал кайрадан каралып чыгат.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718960474)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.