Дүйнөнүн эң кызыктуу паркы Газиантепте

100 -  жыл Ататүрк маданий паркы дүйнөнүн эң кызыктуу паркы деп белгиленди.

1076466
Дүйнөнүн эң кызыктуу паркы Газиантепте

Дүйнөлүк шаар парктары биримдиги World Urban Parks тарабынан өткөрүлгөн «Эл аралык чоң шаар парктары сыйлыгы» жарышында Газиантеп мэрдиги 100 -  жыл Ататүрк маданий паркы «Дүйнөнүн эң  кызыктуу паркы» болуп тандалды.

Мэрдиктен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Австралиянын Мельбурн шаарында өткөрүлгөн "International Parks And Leısure Congress" негизинде берилген сыйлыктар ээлерине тапшырылды. 20 өлкө жана 700 делегация катышкан конгрессте сыйлык тапшыруу кечесинде Газиантептин «100 – жыл Ататүрк маданий паркы» слайт менен таанытылды.

Шаардын борборунда 14 километр узундукта жашыл бир коридорду түзгөн 4, 3 миллион метр квадратка жакын аянты менен  100 -  жыл Ататүрк маданий паркы дүйнөнүн эң кызыктуу паркы деп белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар