Энергетика министри немис кесиптеши менен жолугушту
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Питер Альтмайердин жолугушуусу борбор шаар Анкарада өттү.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Германиянын экономика жана энергетика министри Питер Альтмайер менен иш алып баруу тамагында жолугушту. Дөнмез менен Питер Альтмайердин жолугушуусу борбор шаар Анкарада өттү.
Берилген маалыматка караганда Түркия менен Германиянын ортосунда жүргүзүлүп келген кызматташуу менен инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшкөн эки министр аймактык долбоорлор жана өнүгүүлөр каралды.
Өзгөчө түрк - немис энергетика форумунун негизинде өткөрүлгөн 4 башка иш алып баруу группасынын чогулушунун жыйынтыктарын карап чыккан министрлер бири бирине карата ыраазычылыктарын билдиришти.
Жолугушуудан кийин Дөнмез жана Альтмайер менен бирге түрк - немис энергетика фирмаларынын жогорку мартабалуу башкаруучулары да болгон кенен катышуучу тегерек стол жыйынын өткөрүштү.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.