Мевлют Чавушогул менен Риад ел - Маликинин өткөргөн пресс - жыйыны

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Палестина жана Кудстун Түркиянын кызыл сызыгы экендигин айтты.

1075627
Мевлют Чавушогул менен Риад ел  - Маликинин өткөргөн пресс  - жыйыны

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Палестина жана Кудстун Түркиянын кызыл сызыгы экендигин айтты. Чавушоглу расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел  - Малики менен жолугушкандан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү. Жолугушууда Түркиянын палестиналыктар үчүн турмушка ашырууну каалаган долбоорлорду карап чыгышкандарын белгилеген Чавушоглу : «Түркия катары биз ар дайым палестиналык бир туугандарыбыздын жанында болдук. Палестина жана Кудс биздин кызыл сызыгыбыз»,- деди.

Бир тараптан Палестина менен Кудстун доосун бир гана аймак эмес, бүткүл дүйнөдө коргоону улантышарын белгилеген Чавушоглу Палестина маселесине байланыштуу эки жолу Ислам Кызмататштык Уюму ИКУнун кезектеги саммитин өткөрүшкөндөрүн жана маселенин БУУда күн тартибине келгендигин эске салды.

Министр Чавушоглу Палестина маселесине байланыштуу эл аралык платформаларда маанилүү чечимдердин чыгарылышына себеп болушкандарын баса белгиледи.

Палестинанын тышкы иштер министри Малики да Түркиянын Палестинага берген колдоосунун маанисине токтолуп : «Сиздердин жардамыңыздар менен бардык коркутууларга каршы чыга ала турган күчтөбүз»,- деди.

Түркиянын саясий, адамзаттык жана финансылык  темаларда Палестинага берген жардамынын маанисин белгилеген Малики Палестина делегациясынын атынан Түркияга рахмат айтты.

Малики АКШнын БУУнун палестиналык качкындарга жардам агенттигине жардамдарды токтотуу  чечиминен кийин Түркия менен бул кемчиликти жабууга аракет кылышкандарын белгилеп агенттиктин бул жардамдарынан 5 миллион палестиналык качкындын пайдалангандыгын баса белгиледи. Малики : «Палестина калкы келечегин белгилөө жана баскынчылыкты акырына чыгаруу үчүн чечкиндүү»,- деди.



Тектеш кабарлар