Кашыкчы маселеси Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы маселе эмес

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын,Президенттик комплексинде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Президенттик кабинет жыйналышынан кийин маалымдоо жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1073622
Кашыкчы маселеси Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы маселе эмес

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, саудиялык журналист Жемал Кашыкчынын (Хошагги) өлтүрүлүү окуясын, эл аралык жана улуттук укук эрежелеринин алкагында ачыкка чыгаруу үчүн Түркиянын керектүү кадамдарды таштаганын айтты.

Калын, Президенттик комплексинде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Президенттик кабинет жыйналышынан кийин маалымдоо жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Калын, Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосунда мурдагы күнү кечинде болгон телефондогу сүйлөшүүсү тууралуу, «Трамп, (17-сентябрда Түркия менен Орусиянын ортосунда жетишилген) Идлиб макулдашуусунан улам, Президентибизге ырахматын айтты»,-деди.

Сириянын Манбиж аймагына карай абалдарды да кылдат байкагандарын айткан Калын: «АКШлык жооптуу кызматкерлер процесстин ылдамдатылышы үчүн керектүү кадамдарды таштай башташты. Газиантепте уланган биргелешкен билим берүү алдыбыздагы күндөрдө бүткөрүлөт жана Манбиждин айланасында жакынкы убакта биргелешкен күзөт иштери башталат»,-деп айтты.

Ибрахим Калын, саудиялык журналист Жемал Кашыкчы окуясы тууралуу: «Бул тема, Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы маселе эмес. Түркия, бул жерде эл аралык укуктун жана өз улуттук укук эрежелеринин алкагында окуянын ачыкка чыгарылышы үчүн керектүү кадамдарды таштады. Маселе, ырайымсыз түрдө киши өлтүрүүнүн ачыкка чыгарлышы маселеси»,-деди.

«Вашингтон пост» гезитинин жазуучусу, саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) 2018-жылы 2-октябрь күнү расмий каттоолорун жасатыш үчүн Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна киргенден кийин дайыны чыкпай калган.

Сауд Арабия бийлиги 20-октябрда Кашыкчынын «консулдук имаратында болгон кагылышуунун себебинен каза болгонун» жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар