Чавушоглу менен Помпео сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт  Чавушоглу, Америка Кошмо Штатынын АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1073158
Чавушоглу менен Помпео сүйлөшүү өткөрдү

 

Тышкы иштер министри Мевлүт  Чавушоглу, Америка Кошмо Штатынын АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Дипломатиялык маалыматтарга караганда, министр Чавушоглу менен АКШнын катчысы Помпео, Туркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Трамптын телефон аркылуу талкуулаган теманын улануусу үчүн байланышышты.

Президенттиктин маалымат борбору тарабынан берилген маалыматка таянсак президент Эрдоган менен АКШ президенти Трамптын телефондогу сүйлөшүүсү эки өлкөнүн достук кызматташтыгы менен бирге терроризм менен күрөшүү, Жемал Кашыкчы (Хашогги) маселеси жана Сириядагы акыркы абалдар тууралуу болгондугу билдирилген.

Министр Чавушоглу жана АКШлык кесиптеши акыркы ирет 17- октябрда Түркиянын борбору Анкарада бетме-бет жолугушкан.



Тектеш кабарлар