Түркия - Орусия виза сүйлөшүүлөрү

Түркиянын Москвадагы элчиси Хүсейин Дириөз борбор шаар Москвада өткөрүлгөн иш чарада түрк  - орус карым  - катнаштарына карата баа берди.

1070383
Түркия  - Орусия виза сүйлөшүүлөрү

Түркиянын Москвадагы элчиси Хүсейин Дириөз Орусия менен экономикалык жана маданий карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү үчүн виза эркиндиги режиминин кайрадан ишке киришине карата иштерди улантып жатышкандарын белгиледи. Элчи Хүсейин Дириөз Орусия – Түркия Ишкерлер Биримдигинин жетекчилигинде борбор шаар Москвада өткөрүлгөн иш чарада түрк  - орус карым  - катнаштарына карата баа берди.

Президент Р. Т. Эрдогандын Орусия менен карым  - катнаштарга «жакшы коңшулук, орток кызыкчылыктар жана бири бирин сыйлоо» деген негизги элементтер менен мүнөздөгөндүгүн белгилеген Дириөз : «Бул принциптерди негиз катары алып кызматташтыгыбыздын дагы да өнүктүрүлүшү үчүн ишибизди улантабыз. Түрк жана орус лидерлердин ортосундагы жакындык жана өлкөлөрүбүздүн саясий эркинин саясында карым  - катнаштарыбызды бардык тармактарда дагы да алдыга жылдырууда чечкиндүүбүз»,- деди.

Дириөз Түркия менен Орусиянын ортосундагы экономикалык жана соода карым  - катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшү үчүн виза эркиндигинин маанисин баса белгиледи.

«Бири бирине карата виза эркиндиги режиминин кайрадан ишке кириши үчүн иштерибизди улантуудабыз. Орусия менен виза маселелери карала турган консулдук кеңештеринин кийинки жыйыны ноябрь айынын башында өткөрүлөт»,- деди Дириөз.

 



Тектеш кабарлар