Президент Р. Т. Эрдоган Молдовага сапар менен барат

Эрдоган эки күнгө созула турган расмий сапарында Молдованын президенти Додон менен жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.

1070135
Президент Р. Т. Эрдоган Молдовага сапар менен барат

Президент Р. Т. Эрдоган Молдованын президенти Игорь  Додондун чакыруусу менен бул өлкөгө барат.

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Эрдогандын эки күнгө созула турган расмий сапарында Молдованын президенти Додон менен жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушууларда 500 миллион долларга жакын болгон эки өлкө соода көлөмүн 1, 5 миллиард долларга чыгаруу жана түрк фирмаларынын Молдовага инвестиция салуусу үчүн колдоо максатында таштала турган кадамдар  каралат.

Эрдоган менен Додон эки тараптуу карым  - катнаштар, аймактык маселелер менен Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ жана башка террордук уюмдар менен күрөшүү темаларын карап чыгышат.

Эрдоган Молдованын борбор шаары Кишиневдо 2009 -  жылы Молдовада болгон козголоң кыймылында талкалангандан кийин Түркия тарабынан рестоврацияланган президенттик имараттын ачылышын аткарат. 

Эрдогандын Молдовада 350 миллион долларлык инвестиция салган 213 түрк фирмасынын кээ бир башкаруучулары менен жолугушуусу пландалууда.

Президент өзгөчө Гагауз автоном аймагында гөкогуз – молдова тилинде билим берген балдар бакчасынын ачылышын да аткарат.

Акыркы жолу июль айында телефон аркылуу сүйлөшкөн Эрдоган менен Додон карым  - катнаштарды бардык тармактарда өнүктүрүү боюнча бирдей пикирге барышкан.



Тектеш кабарлар